«Коста Конкордиа» кемесинин капитаны 16 жылга кесилди

Үч жыл мурда 4 миң 229 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүн ташып бараткан "Коста Конкордиа" кемеси кырсыктап 32 адам мерт кеткен.

216979
«Коста Конкордиа» кемесинин капитаны 16 жылга кесилди

«Коста Конкордиа» кемесинин капитанынын жазасы белгилүү болду.
2012-жылы Италиянын Жильо аралына жакын жерде кырсыктап 32 киши каза болгон «Коста Конкордиа» кемесинин капитаны Франческо Скеттино 16 жылдык абак жазасына тартылды.
Франческо Скеттино көп сандаган адамдын каза болушуна жана жаракат алуусуна ошондой эле оор чыгымга учураткан кырсыкка себепчи болуп кемеден жүргүнчүлөрдөн биринчи чыгып кеткендиги менен күнөөлөнүүдө.
Гроссето шаарындагы акыркы сотто капитан Скеттино бардык күнөөлөрдү четке какты.
Жактоочу адвокаттары да кырсыкта кеменин экипаж мүчөлөрүнүн да жооптуу экенин белгилешип, жазанын бардык топту камтуусу керектигин айтышты.
Үч жыл мурда 4 миң 229 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүн ташып бараткан «Коста Конкордиа» кемеси деңиз жээгиндеги таштарга урунуп кырсыктаган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар