Орусия Януковичти Украинага өткөрүп бербейт
Украинанын өткөрүп берүү талабына терс жооп бериле турганы билдирилди.
Орусия Януковичти Украинага өткөрүп бербейт.
Башкы прокурор Юрий Чайка, Украинада өткөн жылдагы бийликке каршы митингдер убагында өлкөсүн таштап Орусияга барган мурдагы президент Виктор Януковичти өткөрүп берүүгө байланыштуу талапка терс жооп берилээрин билдирди.
Юрий Чайка Орусиянын мыйзамдык жана эл аралык укуктук документтери, саясий себептерден улам доо ачылган кишилердин өткөрүлүп берилишин көздөбөгөнүн айтты.
Украинанын башкы прокурору Виталий Ярема 6-февралда Украина парламентинде Орусиянын Башкы прокурордугуна кайрылып мурдагы президент Виктор Янукович, мурдагы өкмөт башчы Николай Азаров жана каржы министри Юрий Колобовду өткөрүп беришин талап кылган болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.