Жо Байден Брюсселде

Байден Москвага каршы санкциялардын күчөтүлүүсүн талап кылууда.

213109
Жо Байден Брюсселде

АКШнын вице-президенти Жо Байден Брюсселде.
«Орусиянын Европа картасын кайрадан түзүүсүнө уруксат бербейбиз»,- деген Байден Москвага каршы санкциялардын арттырылышын талап кылууда.
Американын вице-президенти Байден алгач Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушту.
Байден Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушкандан кийин Орусияга карай өз билдирүүсүн айтты.
Байден: «Украина кризисти чечүүгө аракет кылууда. Орусиянын Европанын картасын кайрадан түзүүсүнө уруксат бербейбиз. Путин Минск менен катар бардык келишимдерди эске албай жатат. Орусия бир гана аскердик жактан Европага коркунуч туудурбастан ошол эле учурда энергетика коопсуздугуна да коркунуч туудурууда»,-деп айтты.
Байден Брюсселдеги жолугушууларынан кийин Германияга барып Мюнхен коопсуздук конференциясына катышат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар