Чочко тумоосунан 14 киши каза болду
Индияда чочко тумоосу жуккан 14 кишинин каза болгону билдирилди
Индияда чочко тумоосу жуккан 14 кишинин каза болгону билдирилди. Индия басма сөзүнүн билдиргенине караганда Гужаратта 9, Кутчада 3 жана Ахмедабадда 2 киши болуп, жалпы 14 киши каза болду.
Гандхинагар аймагынын саламаттыкты сактоо министри Нитин Пател өткөргөн пресс – жыйынында өзгөчө түндүк батыштагы Гужраттын Кутчу аймагы болуп өкмөттүн керек болгон бардык чараларды көргөнүн белгиледи. Пател чочко тумоосуна себеп болгон H1N1 вирусу жуккан 162 оорлуунун ооруканадан чыгарылганын, бирок 476 кишиге дагы вирустун жукканын аныкташкандарын белгиледи. Борбор шаар Делиде болсо ушул кезге чейин 62 кишиге вирус жуккан. Чочко тумоосунан жылы 216 киши каза болгон.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.