Францияда аскерлер бычакталды
Франциянын Ницца шаарында Еврейлердин маданий борборун кайтарган 3 аскер бычактуу кол салууга дуушар болду.
209065
Аскерлерден биринин колунан, экинчисинин жүзүнөн оор жаракат алганы билдирилди.
Ал жерден качып баратканда трамвайда кармалган Мусса Кулибали аттуу кол салгыч камакка алынды жана 9-январда Парижде Еврей маркетине кол салган Амеди Кулибали менен жакындыгы болбогону белгиленди.
Париж прокуратурасынын анти-террор бөлүмү кол салуудан кийин бул темага байланыштуу териштирүү жүргүзүүдө.