Израилдин Батыш Шериада 450 турак жай куруу чечими

Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест отурукташуу жерлеринин мыйзамсыз экенин жана эки мамлекеттүүлүккө жетүү максатына зыянын тийгизгенин айтты

204085
Израилдин Батыш Шериада  450 турак жай куруу чечими

АКШ Израилдин отурукташуу иштерин мыйзамсыз катары көрүшкөндөрүн билдирди. Ак үйдүн катчысы Жош Эрнест күнүмдүк басма сөз брифингинде АКШнын Израилдин отурукташуу иштерине байланыштуу позициясынын так экенин эске салды. Отурукташуу жерлеринин мыйзамсыз экенин жана эки мамлекеттүүлүккө жетүү максатына зыянын тийгизгенине ишенгендерин айткан Эрнест сөзү болгон талаш – тартыштуу отурукташуу жерин куруу тууралуу терең санааркашкандарын белгиледи. Абалдын Палестина менен араздашуунун дагы да күч алуусуна себеп болоруна көңүлдөрдү бурган Эрнест мунун Израилди эл аралык тармакта жалгыз калтырарын айтты. Эрнест бул абалдардын Израилдин коопсуздугун күчтөндүрүүгө салымын кошпой тургандай эле тынчтык доосун алдыга жылдырбай турганын да белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар