Кытайда чет элдик китептерге тыюу салынды

Кытай коммунист париясынын лидерлери жана социализмди кемсинткен сөздөрдүн айтылуусуна да тыюу салды

203484
Кытайда чет элдик китептерге тыюу салынды

Кытайда өткөн жылы ишке кирген террор менен күрөшүү мыйзамынын негизинде катуу коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Чаралардын Пекин башкаруусу коркуту катары көргөн пикирлердин эл арасында жайылуусуна бөгөт болууну максат кылганы айтылууда.
Кытай Эл Республикасынын билим берүү министри Юен Гуирин батыш баалуулуктарын кубаттаган китептерге тыюу салынганын билдирди. Кытай коммунист париясынын лидерлери жана социализмди кемсинткен сөздөрдүн айтылуусуна да тыюу салды. «South China Morning Post» гезити университеттерде чет элдик китептердин текшерилүүсүнүн күчтөндүрүлүшүн, жаштардын тескери багытта таасирленүүсүнө бөгөт болууну максат кылганын жарыялады. Өлкөдө декабрь айында да Кытай маданият жана баалуулуктарына баа берүү максатында жаңы жылды майрамдоого да тыюу салынган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар