Чөккөн кемеден 43 киши куткарылды

Бангладештик качкын көчмөндөрдү Малайзияга ташыган кеме кырсыктады.

202528
Чөккөн кемеден 43 киши куткарылды


Бангладеш жээктеринде кечээ Малайзияга качкын көчмөндөрдү ташыган балыкчы кемесинин чөккөндүгү боюнча баштатылган издеп-куткаруу иштеринде 43 киши куткарылды.
Полиция жооптуулары ичинде 100 киши бар экендиги божомолдонгон кеме кырсыкка учурагандан кийин деңизде жоголгондорду издеп-куткаруу иштери уланып жатканын маалымдашты.
Малайзияда жумуш табуу үмүтү менен Бангладештен качкын көчмөндөрдү ташыган 3 адам болсо кармалды.
Жыл сайын миңдеген бангладештик балыкчылардын кемелери менен 3 миң 200 километрдик аралыктан  өтүп Малайзияга жетүүгө аракет кылышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар