ДЕАШ террору барымта кризисин жаратууда
Эки барымтадагыдан бири Кендзи Гото, экинчиси Харуна Юкаванын өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.
Террор уюму ДЕАШ барымтага алган япондордон бирин өлтүргөнү айтылууда.
Бул видеонун чоң ыктымалдуулук менен чын болгонун айткан Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, мындай түрдөгү терроризмдин коркунучтуу жана кечиримсиз экендигин сөз кылды.
Интернетте орун алган бир видеодо эки барымтадагыдан бири Кендзи Гото, экинчиси Харуна Юкаванын өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.
Япон жооптуулар бул айтымдарды камтыган үндү белгилөөгө аркет кылып жатышат.
Бул айтымдар тастыктала элек болсо да япон барымтадагынын өлтүрүлгөнү жөнүндөгү кабарлар Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама жана Англиянын премьер-минмистри Дэвид Кэмерон тарабынан айыпталды.
ДЕАШ террор уюмунун эки япон барымтадагы үчүн 200 миллион доллар акча төлөнүшүн талап кылган Японияга берилген мөөнөт толгондон кийин 24 сааттан ашык убакыт өттү.
Атайын аскердик фирма иштеткени жарыяланган 42 жаштагы Харуна Юкава август айында Сирияда уурдалып кеткен.
Журналист Кендзу Гото Юкаваны издөө үчүн өткөн жылы Сирияга барган.
Тектеш кабарлар
Байден: «НАТО болуп көрбөгөндөй күчтүү»
Жо Байден АКШнын Вест Пойнт аскердик академиясынын бүтүрүү аземинде сөз сүйлөдү.