Сауд королу дүйнөдөн кайтты

Өлкөнүн жаңы королу болсо бир тууганы 78 жаштагы принц Селман болду

195247
Сауд королу дүйнөдөн кайтты

Сауд Арабстандын королу Абдуллах Бин Абдулазиз Ал Сууд бир канча убакыттан бери дарыланып жаткан ооруканада каза болду. Король Абдуллахтын жаназасы бүгүн Риядда көмүлөт.
Өлкөнүн жаңы королу болсо бир тууганы 78 жаштагы принц Селман болду.
Сауд Арабстан Королдук кеңеши 3 - январда Король Абдуллах Бин Абдулазиздин өпкө сезгенүүсүнөн улам ооруканага жаткырылганын жана кыска убакыт түтүк менен дем алганын билдирген.
91 жаштагы Король Абдуллах акыркы эки жылда төрт жолу операция болгон. Корль Фахд 2005 - жылы каза болгондон кийин Абдуллах Бин Абдулазиз тактыга чыгып өлкөнүн алтынчы королу болгон. Король Абдуллах коргоо министрлиги кызматын аткарган принц Салман бин Абдулазизди 2012 - жылы мураскер принц деп жарыялаган.
Король Абдуллахтын каза болуусунан кийин биринчи маалымат АКШнын президенти Обамадан келди. Сауд Арабстан калкына көңүл айткан Обама Король Абдуллахтан мактоо менен сөз кылып, королдун АКШ менен Сауд Арабстандын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштарга маани беришкендерине токтолду. Президент Р. Т. Эрдоган да Король Абдуллахтын жаназа зыйнатына катышуу үчүн Эфиопиядан Сауд Арабстанга барат. Жаназа зыйнатына вице – премьер Нуман Куртулмуш менен тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышат. Андан кийин президент Эрдоган жекшемби күнү Сомалиге барат. Король Абдуллахтын каза болуусунан улам Иорданияда 40 күн аза күтүү жарыяланганы билдирилди.
Иорданиянын королу Экинчи Абдуллахтын жаназа зыйнатына катышуу үчүн Швейцариянын Давос кыштагында өткөрүлгөн Дүйнөлүк Экономика Форумунан кеткени белгиленди.
*** Египеттин президенти Абдулфеттах ес – Сиси жана Езхер шейхи Ахмед ет – Таййиб Король Абдуллахтын үй – бүлөсүнө жана Сауд Арабстан калкына көңүл айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар