Эбола вакцинасын сыноо февраль айында башталат
Gрофессор Сүлейман Мбоуп вакциналарды сыноо үчүн бардык мыйзамдуу уруксаттардын алынганын билдирди
Батыш Африкада 800дөн ашуун кишинин каза болуусуна себеп болгон эбола оорусу үчүн чыгарылган вакциналардын алдыдагы айда сыналары билдирилди. Сенегал саламаттыкты сактоо министрлиги : «Эбола эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде чыгарылган вакцина жана дарылардын февраль айында сыналарын билдирди. СПИД боюнча иликтөөлөрү менен белгилүү болгон профессор Сүлейман Мбоуп вакциналарды сыноо үчүн бардык мыйзамдуу уруксаттардын алынганын жана февраль айында саламаттыкты сактоо борборлоруна таркатыларын айтты.
Мбоуп айрыкча эбола менен күрөштө ушул күнгө чейин алынган маалыматтардын маанисине токтолуп, вакциналардын ийгиликтүү болушу үчүн ылдам жана учурунда кийлигишкен илимпоздор тарабынан ишке ашырыларын да сөздөрүнө кошту. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерия башта болуу менен Батыш Африка өлкөлөрүн таасири астына алган эбола эпидемиясы 8 миң 459 кишинин өлүмүнө себеп болду.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея: "Орбитага спутник жөнөтөбүз"
Пхеньян өкмөтү 2024-жылы да орбитага жаңы спутниктерди жөнөтүүнү максат кылганын жарыялаган.