Исламга каршы митингдерге уруксат берилген жок

Германияда ислам жана көчмөндөргө каршы митингге 13-жумада полиция уруксат берген жок.

189766
Исламга каршы митингдерге уруксат берилген жок

Германияда Пегида түзүлүшү ар дүйшөмбү уюштурган Ислам жана көчмөндөргө каршы митингине 13-жумада полиция уруксат берген жок.
Ушуну менен Пегиданын дүйшөмбү сайын Дресденде өткөргөн митингине бөгөт коюлган болду.
Полиция Пегиданын жетекчилеринен бирине кол салуу боло турганы жана поезд станцияларына бомбалуу кол салуу боло турганы түрүндө маалымат алганын билдирди.
Дресден шаарында өткөн жылы октябрь айында мигранттар үчүн жаңы баш калкалоочу жай курулушуна каршы уюштурулган акция, Пегида тарабынан жумалык митингге айландырылган.
Ал акцияларга кошулуу улам көбөйүп, «Шарли Эбдо» кол салуусунан кийинки акыркы митингге 25 миң киши катышкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар