НАТО Орусия жана Украинанын ортосундагы келишпестик тууралуу бил

«НАТО менен Орусиянын ортосунда карым – катнаштар бүгүнкү абалдын улантылуусу менен оңолбойт»

187972
НАТО Орусия жана Украинанын ортосундагы келишпестик тууралуу бил

«НАТО менен Орусиянын ортосунда карым – катнаштар бүгүнкү абалдын улантылуусу менен оңолбойт». Маалымат НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбовдон келди.
Орусиянын Крымды аннекция кылуусунан кийин бул өлкө менен НАТОнун арасында начарлаган карым – катнаштардын түзөтүлүүсүнүн азыркы учурда сөз болбогону белгиленди.
НАТОнун баш катчысынын орун басары Александр Вершбов жыйындар үчүн барган Литвада берген маалыматында Украинада армия менен Орусия жактоочусу жикчилдердин арасындагы кагылышуулардын улантылып жатканына көңүлдөрдү бурду. Вершбов орустардын жана Орусия жактоочуларынын Минск ок атууну токтотуу келишимине баш ийүүнү каалабаганын, тескерисинче араздашууну күчтөндүргөнүн айтты. Баш катчынын орун басары мындай абалда НАТОнун Орусия менен кызматташтыкты токтотуу чечиминин аркасында турууну улантарын белгиледи.
Украинанын чыгышында акыркы мезгилде армия менен Орусия жактоочулары жикчилдердин ортосундагы кагылышуулар күч алып, бир күндө 11 киши каза болгон. Апрель айынан бери болгон кагылышууларда 4 миң 800 киши каза болду. Украинанын президенти Петро Порошенко бул жылдын ичинде 3 жолу мобилизация жарыяланышына байланыштуу чечимге кол койгон.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар