Керри - Зариф жолугушуусу
Иран делегациясы АКШ делегациясы жана башка 5+ 1 өлкөлөрү менен 17 - январга чейин эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
АКШнын мамлекет катчысы Керри Ирандын атомдук программасы тууралуу Иран менен 5+ 1 өлкөлөрүнүн ортосунда кайрадан баштала турган атомдук сүйлөшүүлөрдөн мурда ирандык кесиптеши Жевад Зариф менен эртең Швейцариянын Женева шаарында жолугушат.
Иран делегациясы АКШ делегациясы жана башка 5+ 1 өлкөлөрү менен 17 - январга чейин эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 18 - январда болсо Иран менен 5+ 1 өлкөлөрүнүн ортосунда тышкы иштер министрлеринин орун басарлары деңгээлинде сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
Атомдук сүйлөшүүлөрдүн акыркы жыйыны 17- декабрда Женева шаарында өткөрүлгөн. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчы сүйлөшүүлөрдүн жакшы маанайда өткөнүн, кийинки отурумдун январь айынын ичинде тышкы иштер министрлери орун басарларынын деңгээлинде өткөрүлөрүн айткан болчу.