Виктор Януковичке издөө жарыяланды
Ал "мамлекеттик мүлктү менчиктеген жана финансылык кылмыш жасаган" деп айыпталууда.
182723
Эл аралык полиция уюму Интерпол Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке издөө жарыялады.
Янукович бийликтен кулатылгандан кийин Орусияга баш калкалаган болчу.
Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Украинанын мурдагы жетекчилери туурасында издөө чечими чыгарылганын билдирди.
Бирок Интерфакс кабар агенттиги орус дипломатиялык булактарга таянып берген маалыматында Москванын Януковичти Украинага тапшырып бербей турганын билдирди.
Тектеш кабарлар
302 миллион бала интернеттен сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болду
"Childlight" демилгесинин алкагында иштеген изилдөөчүлөр "Жарыкты көздөй" аттуу отчет даярдашты.