Мердоктун каршы чыгууну тарткан чатак билдирүүсү

News Corp тун президенти Руперт Мердок Франциядагы «Шарли Эбдо» кол салуусу тууралуу социалдык медиада чатактуу бир маалымат бөлүштү.

181040
Мердоктун каршы чыгууну тарткан чатак билдирүүсү

Глобалдык медиа магнаты News Corp тун президенти Руперт Мердок Франциядагы «Шарли Эбдо» кол салуусу тууралуу социалдык медиада чатактуу бир маалымат бөлүштү.
Мердоктун алгачкы бөлүшүүсү «мусулмандардын көбү тынчтыкчыл болушу мүмкүн, бирок барган сайын өсүп бараткан жихатчылык рагын байкап аны жок кылганга чейин террордон жооптуу кармалышы керек»-деген айтымдары орун алды.
Руперт Мердоктун Париждеги кол салууга байланыштуу жарыясына миңдеген киши каршылык көрсөттү.
Медиа магнаты экинчи бөлүшүүсүндө «Жихатчылык коркунучу Филиппинден Африкага чейин, Европадан АКШга чейин бардык жерге жайылууда. Саясий жактан тууралык үчүн моюнга албоо жана эки жүздүүлүккө барылууда»-деди.
Жарым миллиондон ашуун байкоочусу болгон Мердоктун бөлүшүүсү бир канча миң гана жактыруу алышы көңүл бурду.
Айрым байкоочулар Мердокко: «Бир ууч адамдын кылган кыймылы үчүн миллиарддаган адамды жооптуу көрө албайсың»-деген сындар айтылды.
Айрымдары болсо Мердокко башкарып жаткан медиа магнатынын чатактарын эске салды.
«Бул түшүнүк менен сен дагы өлгөн окуучулардын үндөрүнүн берилешинен жооптуу көрүлүшүң керек»-деп айтылды Мердокко.
Мердок Лондон борборлуу бир гезити же телефондорду мыйзамсыз тыңшоо чатагынын жайылышынан кийин жабылган, Нью-Йорк борборлуу бир гезити да пара чатагынын себебинен кыйын күндөрдү өткөргөн эле...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар