Израиль Палестинага экономикалык кысым көрсөтүүдө

Израилдин 150 миллион доллардан ашуун 2014-жылдын декабрь айынын салык үлүшүн Палестинанын Каржы министрлигине тапшырып бербегени белгиленди.

170769
Израиль Палестинага экономикалык кысым көрсөтүүдө

Израиль эл аралык аренада аракет кыла баштаган Палестинаны салык үлүшүнөн түшкөн кирешесин конфискациялап жазаландырууда.
Палестинанын мамлекет башчылыгы маалымдагандай Израилдин 150 миллион доллардан ашуун 2014-жылдын декабрь айынын салык үлүшүн Палестинанын Каржы министрлигине тапшырып бербегени белгиленди.
Палестинанын башкы сүйлөшүүчүсү Саиб Эрекат Израиль өкмөтүнүн токтомун «каракчылык» катары мүнөздөп: «Конфискация кылынган акча Израилдин Палестина калкына берген карымдуулук акчасы эмес, ал биздин укугубуз»-деди.
Сөзү болгон төлөмдүн конфискация кылынгандыгына байланыштуу эч кандай билдирүү да келбегенин белгилеген палестиналык жооптуулар, Палестина калкынын акысынын тез арада кайтарылып берилишин талап кылышууда.
Палестинанын эл аралык аренада укуктарын издей баштоосун балталаш үчүн Израилдин экономикалык кысымды күчөткөнү божомолдонууда.
Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Палестина территориясындагы Израилдин басып алуусунун соңуна чыгарылышы үчүн даярдалган токтом долбоорунун Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинде четке кагылышынан кийин, 20 эл аралык келишимге кошулуу талабына кол койгон.
Палестиналык жооптуулар Израилдин төлөмдөрдү бербей коюушунун айынан кызматкерлердин айлык акыларын төлөөдө кыйынчылык тартышууда жана миңдеген кызматкерлер нааразылык акцияларын өткөрүү үчүн көчөлөргө чыгышкан.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар