Адриятикада өрттөнгөн паром беш күндөн кийин Италияга алып барыл

Өрттөнгөнүнөн беш күн өткөнүнө карабастан паромдон азыр да түтүн чыгууда

169846
Адриятикада өрттөнгөн паром беш күндөн кийин Италияга алып барыл

11 киши каза болгон «Norman Atlantic» парому Италиянын Бриндизи портуна алып барылды. Өрттөнгөнүнөн беш күн өткөнүнө карабастан паромдон азыр да түтүн чыгууда. Кырсыктын баллансы тууралуу ар кандай маалыматтар улантылууда.
Италия Адриатикада өрттөнгөн паромдон куткарылган киши санынын 477 болгону билдирилди. Бирок окуяны териштирген прокуратура 98 жүргүнчүнүн табыла электигин белгиледи. Өрттө каза болгондордун саны да азырынча тактала элек.
Окуяны териштирген Бари прокурору кемеде 499 жүргүнчүнүн бар экенин, булардан 11 кишинин каза болгонун билдирген болчу. Грек мекемелери болсо бул сандын 18 экенин жана 9 грек жаранынын алигиче табыла электигин белгиледи. Апааттын толук баллансы паромдун бардык бөлүктөрүнүн изилденишинен кийин белгилүү болот.
Каза болгондордун арасында бир түрк жараны Хависе Саваштын жаназасы сөөк текшерилгенден кийин Түркияга жиберилет. Паромдо Саваш менен бирге жолго чыккан Хакан Аккаядан да кабар алына албай жатат. Аккаянын өрттөн кийин үй – бүлөсүнө телефон чалып куткаруучу шлюпкага отурганын айтканы ортого чыкты. Бирок андан кийин Аккая менен байланыш түзүлгөн жок.
Түрк дипломатиялык булактар 54 түрк жүргүнчүнү ташыган паромдо Аккаядан башка жоготуунун болбогонун белгилешти. Ошол эле учурда кырсыктан кийин Италяда ачылган териштирүү да улантылууда.
Тергөөсү улантылып жаткан италиян капитан паромдун баарына сигналдын берилгенин айтса, жүргүнчүлөр эч кандай сигнал угушпагандарын белгилешти.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар