Путин дүйнөлүк лидерлерди куттуктады

Путин жаңы жылдан улам лидерлерге куттуктоо жөнөттү.

167416
Путин дүйнөлүк лидерлерди куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган да арасында орун алган дүйнөлүк лидерлерге жаңы жылдык куттуктоо жөнөттү.
Кремлден маалымдалгандай Путин президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Барак Обама, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Франциянын президенти Франсуа Олландга жаңы жылдык куттуктоо жөнөттү.
Путин президент Эрдоганга жөнөткөн билдирүүсүндө, Түркия менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүп жатканын жана экономикалык карым-катнаштарды дагы да бекемдегиси келгендерин айтты.
Путин президент Обамага жөнөткөн куттуктоосунда болсо эки өлкөнүн дүйнөлүк тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүүсүндө орток жоопкерчиликке ээ экенин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар