ТИКА Сенегалда аялдарга билим берүү борборун ачты

ТИКАнын төрага орун басары Мехмет Сүрея Эр Түркиянын жардамдарынын 3,3 миллиард долларга жеткенин айтты.

163303
ТИКА Сенегалда аялдарга билим берүү борборун ачты

Түркия дүйнөнүн ар тарабына жардам жеткирүүдө.
Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) Сенегалга аялдардын кесиптик билим алуулары үчүн жардам материалдарын жана жабдыктарын белек кылды.
Сенегалдын борбор шаары Дакардын Parcellees Assainies аймагында жашаган аялдардын кесипке ээ болууларын камсыздоо үчүн курулган Аймактык аялдарды колдоо жана билим берүү борборунун ачылышы жасалды.
Аземде сөз сүйлөгөн ТИКАнын төрага орун басары Мехмет Сүрея Эр Түркиянын 2002-жылы жардамдарынын 85 миллион доллар болгонун, 2013-жылы бул сандын 3,3 миллиард долларга жеткенин, бул жардамдын 31 пайызынын Африкага жасалганын айтты.
Түркиянын Сенегалга карай жардамдарынын 2014-жылы бардыгы 3 миллион доллар болушу күтүлгөнүн сөз кылган Эр, саламатык сактоо тармагында да бир топ оорукана жабдык менен камсыздалганын айтты.
Эр акыркы жасалган билим берүү жардамы менен Дакардын чет жакасында жашаган аялдардын кесипке ээ болуп, экономикалык кошумча нарк жаратышы күтүлгөнүн сөз кылды.
Сенегалдын аялдар жана үй-бүлө министри Мариама Сарр болсо ТИКАнын ушул убакка дейре Сенегалда кылган иштеринен жана билим берүүгө кошкон салымдарынан мактоо менен сөз кылды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар