Кыйноо жана адам укуктарын бузуу изилденсин

Американын бейөкмөт уюмдары адилет министри Эрик Холдерге кат жазды.

157702
Кыйноо жана адам укуктарын бузуу изилденсин

Американын жарандык эркиндиктер биримдиги (ACLU) жана Адам укуктарын байкоо уюму (HRW) АКШнын борбордук чалгындоо кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кыйноо, адам укуктарын бузууга байланыштуу тергөө жүргүзүүүгө чакырык таштады.
АКШ сенатынын чалгындоо комитетинин коомдук пикирге жарыялаган аталган мекеменин эл аралык мыйзамдарга баш ийбестен камактагыларга зыян тийгизүү жана кыйноосун камтыган отчетунан кийин өлкөнүн бейөкмөт уюмдары адилет министри Эрик Холдерге кат жазды.
Анда министрге Сенаттын отчетунда айтылган маалыматтар-жыныстык зордуктоо, киши өлтүрүү менен кошо бардык кылмыштарды кеңири масштабда иликтөө талабы коюлган.
2001-жылы 11-сентябрдагы кол салуулардан кийин АКШ тарабынан ишке ашырылган камак жана сурактарга байланыштуу сенаттын чалгындоо комитетинин 6 миң 700 беттен турган отчетунда кыйноого байланыштуу маанилүү маалыматтар ортого чыкканы билдирилип, териштирүү үчүн атайын прокурордун дайындалышы жана тергөөнүн көз карандысыздыгынын камсыздалышы талап кылынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар