Грециядагы президенттик шайлоо экинчи айлампага калды

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 23-декабрь шейшемби күнү өткөрүлөт.

151977
Грециядагы президенттик шайлоо экинчи айлампага калды


Президенттик шайлоонун кечээки биринчи айлампасында президенттикке талапкер Ставрос Димас жетиштүү добуш ала алган жок.
Парламентте 295 эл өкүлү катышкан добушка салууда Димас 160 макул добушун алды, шайлоодо 135 эл өкүлү да арсар калды.
Ставрос Димас шайлана алуусу үчүн 200 добуш алышы керек эле.
Коалиция өкмөтүн түзгөн Жаңы демократия жана ПАСОК партиялары менен айрым көз карандысыз эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынган Димас жалгыз талапкер катары шайлоого катышты.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 23-декабрь шейшемби күнү өткөрүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар