Европада көчөдө жашагандардын саны көбөйүүдө

Швейцарияда да өмүрүн көчөдө өткөргөндөрдүн санынын 50 миңге жакын экени болжолдолууда

145219
Европада көчөдө жашагандардын саны көбөйүүдө

Германияда 50 миңге жакын киши көчөдө жашоодо. Өлкөдө ар жыл 400 миң киши үйсүз калуу коркунучу менен бетме – бет келип турат. Жалпы Европада да абал ушундай.
Англияда көчөдө жашагандардын саны 250 миңден ашкан. Францияда болсо бул сан 200 миңге жеткен.
Швейцарияда да өмүрүн көчөдө өткөргөндөрдүн санынын 50 миңге жакын экени болжолдолууда.
1 жарым миллион киши көчөдө жашаган Европа Биримдиги кирген өлкөлөрүндө экономикалык маселелерден улам бул сандын көбөйүүсүнөн тынчсыздануулар болууда.
Ишканалардын туруктуу жумушчулардын ордуна жарым күн иштеген жумушчуларды тандоосу жана сезондук жумушчуларга банктардын кредит мүмкүнчүлүгүн бербеши экономикалык кыйынчылыктарды да алып келүүдө.
Акыркы 20 жылдан бери Европа Биримдиги өлкөлөрүндө ишкана ээлери тандаган жарым күндүк иштөө системасы калктын барган сайын азаюсунда чоң роль ойноодо.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар