Кытайда эки кеме кагылышты

Кагылышууда 9 киши жок болду

144593
Кытайда эки кеме кагылышты

Эки жүк ташуучу кеме кагылышкандан кийин чөктү жана 9 киши жок болду. Кемелер Кытайдын чыгышындагы Фужиен аймагынын жакындарындагы Нанры аралына жакын жерде кагылышып, 13 кишиден 4 киши куткарылды. Кагылышуудан кийин аймактан өткөн бир паром 2 кишини, жээк коопсуздук тобу да 2 кишини куткарды. Кытайга таандык экени билдирилген кемеден жок болгон 9 киши үчүн изилдөө куткаруу иштери улантылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар