Украинада жарылуу

Полиция имараттын тегерегин курчоого алып иликтөөнү баштады

143607
Украинада жарылуу

Украинанын түштүгндөгү Одесса шаарында куралдуу күчтөр үчүн жардам чогулткан бир ыктыярдуу уюмдун офиси орун алган имаратта жарылуу болду. Жарылуунун кечээ кечки сааттарда болгону жана эч кимдин чыгымга учурабаганы белгиленди. Олуттуу чыгымга учураган имаратта чыгыштагы Орусия жактоочулары менен согушкан Украина армиясы үчүн жардам чогулткан ыктыярдуу бир уюмдун офисинин бар экени белгиленди. Полиция имараттын тегерегин курчоого алып иликтөөнү баштады. 

Одессада өткөн жумада да Украина желеги жана байрактар сатылган бир дүкөндө жарылуу болгон, полиция мунун террордук кол салуу экенин билдирген. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар