Түркияда жаңы газ кууру курулат

Русская аттуу жаңы комания түзүлө турганы жана бул компаниянын Түркияда газ куурун кура турганы билдирилди.

141216
Түркияда жаңы газ кууру курулат

Орусия Түркияны энергетика тармагында өнөктөш кылгандан кийин таштала турган кадамдар барган сайын тактактала баштады.
Энергия дөө-шаасы Газпром Санк-Петербург шаарында Русская аттуу жаңы комания түзүлө турганын жана бул компаниянын Түркияда газ куурун кура турганын билдирди.
Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер да: «Түштүк Агым» долбоору үчүн түзүлгөн базис, Карадеңиз аркылуу Түркияга жылына 63 миллиард куб метр көлөмдөгү жаңы газ куурун куруу үчүн колдонулат»,-деди.
Бир тараптан Түркиянын энергетика жана жатылыш ресурстар министри Танер Йылдыз темага баа берди.
Йылдыз: «БОТАШ менен Газпром милдеттендирилген келишимге кол коюлду. Мунун укуктук баш ийдирүүчүлүгү жок бирок келишим бышып жетилген сайын албетте бул боюнча макулдашуу түзүлөт. Муну убакыт көрсөтөт»,- деди.
Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга сапары убагында Түштүк агым долбоорун токтоткондорун жарыялашы эл аралык жамаатты таң калдырган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар