Олланд-Путин жолугушуусу

Путин Украинада жакынкы келечекте так ок атпоонун түзүлүшү туурасында үмүтү чоң экендигин айтты .

139401
Олланд-Путин жолугушуусу

Франциянын президенти Франсуа Олланд Казакстанга жасаган сапарынан кайтып келе жатканда Орусияга күтүүсүз сапар менен барып калды.
Президент Олланд Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Москвадагы аэропортто жолугуп Украина кризисине байланыштуу пикир алмашты.
Франсуа Олланд Украина кризиси башталгандан бери Орусияга сапар жасаган экинчи гана батыштык лидер болду.
Олланд жолугушууда маселеге биргелешип чечим табылышы керектигин сөз кылды.
Жолугушуудан кийин эки лидер медиага маалымат беришти.
Путин Украинада жакынкы келечекте так ок атпоонун түзүлүшү туурасында үмүтү чоң экендигин айтты жана өлкөсү Украинанын жеринин бүтүндүгүн жактай турганын айтты.
Путин өлкөсүнө кайтарылып берилиши керек болгон, бирок Париж тарабынан Украинадагы абалдын айынан кечеңдетилген 2 согуштук кеме туурасында сөз козголбогондугун белгилеп өттү.
Путин бул темада келишимдин шарттарынын ишке ашырыла турганын ойлогонун билдирди.
Олланд болсо жолугушууда эки тарапты бөлгөн дубалдарды ашып өтүүгө аракет кылганадарын айтты.
Бир тараптан Укранадагы кризистин соңуна чыгарылышы үчүн киришүүлөр уланууда.
Укриананын малекет башчысы Петро Поршенконун алдыбыздагы аптада орусиячылдардын лидерлери менен Минскте жолугуша турганын билдирди.
Ал жолугушууда ок атпоонун деталдары кеңири каралмакчы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар