Путин маалымат берди

Бир сурамжылоого караганда Путиндин лидерлигин колдогондордун катнашы 85 пайыз

137741
Путин маалымат берди

Орусиянын перзиденти В. Путин Батыштын Украина тууралуу кысымына баш ийишпей турганын айтты. Кремлде 2014 – жылга баа берген Путин тышкы жана ички саясат, экономика, саламаттыкты сактоо, улуттук коопсуздук жана билим берүү сыяктуу темаларга токтолду. Путин бир саатка жакын созулган сөзүн Крым менен баштады.
Путин : «Крым жана Севастополь өткөрүлгөн референдум менен Орусияга кирди. Крым биз үчүн стратегиялык мааниге ээ. Крым жана Севастополь Иерусалимдеги Нарем – үш Шериф башкача айтканда Тапынак тоосу мусулмандар жана еврейлер үчүн канчалык ыйык болсо биз үчүн да ошончолук ыйык»,- деди.
Украинанын чыгышында болгон окуялардын Москванын бул тууралуу мамилесинин тууралыгын далилдегенин ортого салган Путин Батыштын Украина тууралуу кысымына моюн сунушпай турганын айтты. Путин Орусияга жасалган санкциялардан улам Батышты сынга алып эл аралык укуктун бирөөдүн пайдасы үчүн дизайн кылынышынын кабыл алынгыс экенин айтты.
Орусиянын кымбат баалуу куралдануу жарышында орун алууну каалабаганын белгилеген Путин кээ бир өлкөлөрдүн Орусиянын тегерегинде темир перде тосууга аракет кылганын, бирок өлкөсүнүн өзүн коргоо күчүнө ээ экенин белгиледи. Путин Орусиянын Батыш менен карым – катнаштарын соңуна чыгаруу ниетинде эмес экенин белгилеп, тышкы саясатындагы алдыңкылыктын чыгыш менен батыштын күчтүү өлкөлөрү менен бирдей карым – катнаштарды жүргүзүү экенин айтты.
Валюта курсунда спекуляциялардын алдына өтүүнүн маанисин баса белгилеген Путин акыркы жылдардын эң төмөнкү дегээлине түшкөн рублдын баасын сактап калуу үчүн «катуу чаралардын» көрүлүүсүн суранды. Ошол эле учурда бир сурамжылоодо президент Путинге калктын колдоосунун экономикадагы начарлоого жана санкцияларга карабастан улантылганы белгиленди. Сурамжылоого караганда Путиндин лидерлигин колдогондордун катнашы 85 пайыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар