Коргонуу бюджети бекитилди

АКШнын эл өкүлдөр палатасы 2015-жыл үчүн 585 миллиард доллардык коргонуу бюджетин бекитти.

138255
Коргонуу бюджети бекитилди


АКШнын эл өкүлдөр палатасы, президент Барак Обамага Ирак менен Сирияда ИШИМге каршы күрөшүү акциясын кеңейтүү укугун да тааныган 2015-жыл үчүн 585 миллиард доллардык коргонуу бюджетин бекитти.
Парламенттен 119 каршы 300 макул добушу менен өткөн долбоордо, ИШИМге каршы абадан операциялар үчүн 5 миллиард доллардык бюджет пландалууда. Иракка 500 чакты кошумча Америка аскери жөнөтүлүүсүнө жол ачкан долбоор менен Иракка аскердик билим берүү жана техника жардамы үчүн 1,6 миллиард доллар бөлүнүүдө.
Долбоор айрыкча Обама менен Пентагонго Сириядагы оппозициячылдарга билим берүү жана курал-жарак менен камсыздоо планын ишке ашыруу укугун берди.
Бул долбоор жалпысынан Америка армиясы үчүн 521,3 миллиард доллар, Афганстан жана Иракта чет өлкөдөгү операциялар үчүн да 63,7 миллиард доллардык бюджет көздөөдө.
Добушка салынуусу үчүн Конгресстин Сенат палатасына жөнөтүлгөн долбоор келээрки жумада каралышы күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар