Украинада ок атууну токтотуу

Украинанын ортосунда 6 - сентябрда ок атууну токтотууга кол коюлган, бирок Украинанын чыгышында кагылышуулар аяктаган болчу.

134661
Украинада ок атууну токтотуу

Украина тарабы жана Орусия жактоочулары Луганск шаарында сүйлөшүү үчүн жолугушушту. Бүгүн башталган сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу тууралуу принциптик келишимдин түзүлгөнү жарыяланды. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму тарабынан жасалган маалыматта долбоор текстинин түзүлгөнү белгиленди. Ок атууну токтотуунун 5 -  декабрда ишке кирери, 6 -  декабрда да оор куралдарын чыгарары билдирилди. Айрыкча 15 - 20 километр узундукта аскердик тарапсыз аймактын курулушуна чечим чыгарылды. Бирок кагылышуулар болгон Донецктеги Орусия жактоочулары кризис бардык жактары менен сүйлөшүү столунда каралмайынча акыркы ок атууну токтотуунун түзүлө албай турганын айтты. Орусия жана Украинанын ортосунда 6 -  сентябрда ок атууну токтотууга кол коюлган, бирок Украинанын чыгышында кагылышуулар аяктаган болчу. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар