НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулууда

Жыйында Афганстан, Украина жана террордук уюм ИШИМ маселелери талкууланат.

211318
НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулууда

НАТОнун тышкы иштер министрлери Брюсселде чогулууда.
Түркияны тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылган жыйында Афганстан, Украина жана террордук уюм ИШИМ күн тартиптеги негизги темалар.
Эки күнгө созула турган жыйындын Афганстандагы жаңы миссияга байланыштуу отурумдарына Афганстандын президенти Эшреф Гани да катышат.
2015-жылы 1-январда баштала турган жаңы миссиясынын алкагында Афганстандан согушкер күчтөр толугу менен чыгышат, өлкөдө афган коопсуздук күчтөрү жана кеңешчилик кылган НАТО офицерлери гана калат.
Жыйында Орусия-Украина чек арасындагы коопсуздук кризисинен кийин күн тартибине коюлган жол башчы күч түзүлүүсү, түндүк-чыгыш Европада НАТОнун милдеттене турган жаңы миссиялары жана ушул алкакта коргонуу каржылоолорунун арттырылуусу да сүйлөшүлөт.
Сирия менен Иракта күчөгөн ИШИМ коркунучу да шаршемби күнү атайын отурумда талкууланат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар