Лавров: «Сирияга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»

Лавров Сочиде Сириянын тышкы иштер министри Велид Муаллим менен жолукту.

207299
Лавров: «Сирияга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров терроризм менен күрөшүүдө Сирияга колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.
Лавров Сочиде Сириянын тышкы иштер министри Велид Муаллим менен жолукту.
Орус министр Жакынкы Чыгыштын ырааттуулугу үчүн эң чоң коркунучтун терроризм экени темасында Дамаск менен Москванын бирдей пикирде экенин айтты.
Сергей Лавров: «Бул коркунуч менен күрөшүү үчүн Сирияга колдоо көрсөтүүнү улантабыз»,- деди.
Велид Муаллим болсо Лавров менен жолугушаар алдында Орусиянын президенти Владимир Путин менен кезиккенин белгиледи.
Муаллим Путиндин Сириянын президенти Башар Асад менен карым-катнаштарын өнүктүрүүгө чечкиндүү экени боюнча ишеним көрсөткөнүн айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар