Фергюсондо чыккан сот өкүмү ачууну келтирди

Фергюсондо чыккан өкүм АКШ эле эмес башка өлкөлөрдө да нааразылык туудурду.

205669
Фергюсондо чыккан сот өкүмү ачууну келтирди

АКШда калыстар тобу 3 ай мурда  афроамерикан бир жигитти өлтүргөн полициянын мыйзамдуу коргонуу инстинкти менен кыймыл кылганына жана соттолушунун кереги жок экендигине өкүм чыгарды. 

Бул өкүм Фергюсон шаарында нааразылык акциялардын башталышын күүлөп койду.

Нааразычылыктар АКШнын башка шаарлары эле эмес, башка өлкөлөргө да жайылды.

Буга кошумча өлтүрүлгөн афроамерикан жигит Майкл Браундун үй-бүлөсүнүн адвокаттары доо процессинин "адилетсиз" болгонун айтып, Браунду өлтүргөн полициянын сот залында "кайчылаш суракка" алынбаганы менен сындады.

Өкүм чыккандан кийин ак-кара дебестен ар ким көчөгө чыгып, 12 имарат менен көп сандаган полиция унаасы өрттөлдү.

Митингчилер полицияга таш жана шише ыргытты полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Митингдер АКШнын Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу чоң шаарларына да жайылды.

Лондондогу АКШ элчилигинин алдында чоң митинг өткөнү турат...


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар