Орусия-Абхазия өнөктөштүк келишими

Келишимге ылайык Грузия менен Абхазиянын ортосундагы чек араны орус жана абхаз бөлүктөр коргойт.

204568
Орусия-Абхазия өнөктөштүк келишими


Грузиядан бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Абхазия Автономдуу Республикасы Орусия менен Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду.
Кечээ Орусиянын Сочи шаарында кол коюлган келишимге ылайык, Грузия менен Абхазиянын ортосундагы чек араны орус жана абхаз бөлүктөр коргойт.
Эки өлкөнүн ортосунда социалдык жана экономикалык тармактардагы кызматташтыкты да камтыган келишимге караганда, эки жактын бирөөнө куралдуу кол салуу болсо экинчи тарап керектүү бардык жардамдарын көрсөтөт.
Орусия менен Абхазия армиялары эң кеч бир жылдын ичинде орток коргонуу биримдигин түзүшөт.
Грузиянын тышкы иштер министри Тамар Берүчашвилли Шериктештик жана стратегиялык өнөктөштүк келишимин айыптап, келишимдин Орусиянын Абхазияны ачык түрдө аннексиялагандыгын көрсөткөнүн айтты.
Билдирүүдө: «Грузия өкмөтү бул мыйзамсыз кыймылды айыптайт жана эл аралык өнөктөштөрүн Грузиянын жеринин бүтүндүгүн коргоого, эл аралык принциптерге каршы болгон бул кыймылды карап чыгууга чакырат» деген сөздөр орун алды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар