Франциянын Орусияга абдан чоң компенсация төлөшү керек

Франция менен Орусиянын ортосунда мистраль моделиндеги согуштук кеме кризиси күч алууда

205140
Франциянын Орусияга абдан чоң компенсация төлөшү керек

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус жасаган акыркы маалыматында өлкөсүнүн Орусия үчүн курган согуштук кемесинин тапшырылуусу тууралуу шарттардын ылайыктуу эмес экенин билдирди. Франция 2011 - жылы Орусия менен 2 мистраль кемесинин курулушу жана тапшырылуусуу тууралуу 1 миллиард 600 миллион долларлык келишимге кол койгон. Келишим боюнча Франция кемелердин бирөөсүн ноябрь айынын акырына чейин тапшыруусу керек эле. Орусиянын Укриана кризисиндеги ролуна көңүл бурган Фабиус : «Орусиянын кыйыр түрдө жана түздөн түз жолдор менен жикчилдерди колдоосу, бир тараптан Украина тарабынан келген маалыматтар да кабыл алынгыс»,- деди.
АКШ жана башка батыштык өлкөлөр Украина кризисин негиз катары көрсөтүп согуштук кемелерин тапшырбоо тууралуу кысым жасап жаткан. Мистраль кемелерин тапшырбаса Франциянын Орусияга абдан чоң компенсация төлөшү керек.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар