Байкоңурдан учкан кеме космостук станцияга жетти

Топтун арасында Италиянын алгачкы аял космонавты Саманта Кристоферетти да бар.

202992
Байкоңурдан учкан кеме космостук станцияга жетти

Казакстандын «Байкоңур» космодромунан учурулган «Союз» космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү жетти.
Эл аралык станцияга кеткен топтун арасында Италиянын алгачкы аял космонавты Саманта Кристоферетти да бар.
Учуу инженери катары кызмат кылган Кристоферетти космостук станциядагы кызматынан артып калган бош убактарында фотосүрөт тартууну жана жеке өзүнүн интернет блогунда күндөлүк жазууну пландап жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар