Италия-Түркмөнстан карым-катнаштары

Түркмөнстандын президенти Италиянын премьер-министрин кабыл алды.

194697
Италия-Түркмөнстан карым-катнаштары

Экономикалык кризистеги Италия Түркмөнстан менен карым-катнаштарын өнүктүрүүдө.
Ашхабадга расмий иш сапары менен барган Италиянын премьер-министри Маттео Ренци Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов тарабынан кабыл алынды.
Түркмөн лидер жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда 20 жылдан бери уланып келе жаткан дипломатиялык алакалардын өнүгүүсүнө кубанганын сөз кылды.
Жолугушууда Түркмөнстандагы итальян фирмалардын кызмат мөөнөттөрү дагы 10 жылга узартылып, италиялык фирмалардын Каспий деңизинде мунай зат издөө иштерине байланыштуу келишимге кол коюлду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар