Орусия немис дипломатты өлкөдөн чыгарды

Германия өкмөтү акыркы мезгилде Орусияга карата сындарын катуулаштырды

192007
Орусия немис дипломатты өлкөдөн чыгарды

Орусиянын Москвада кызмат кылган немис дипломатты өлкөдөн чыгарганы билдирилди. Немис өкмөт булактары Орусиянын «дипломатиялык жооп берүү кадамы» деп атаган чечимдин туура эмес экенин, мунун Берлинде көңүл калтырганын белгиледи. Немис дипломатиялык булактар бир канча убакыт мурда Орусиянын Бонн башкы консулдугунда иштеген бир дипломаттын шпиондук кылганы аныкталганын жана бул кызматкердин өлкөдөн чыгуусунун кааланганын билдиришти. Орусиянын буга жооп катары Германиянын Москва элчилигинде саясий бөлүмдө иштеген бир дипломатты өлкөдөн чыгарганын белгилеген булактар бул абалга маани бере алышпагандарын белгилешти. Германия менен Орусиянын ортосунда болгон дипломатиялык кризистин немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин шейшемби күнү Москвага жасай турган сапарына даярданып жаткан учурга туура келүүсү көңүлдөрдү бурууда. Азыр да Жакынкы Чыгышта жолугушууларды улантып жаткан Штайнмайер эртең Брюсселде катыша турган Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча кеңеш жыйынынан кийин шейшемби күнү оболу Киевге андан кийин Москвага барууну пландап жаткан. Украина кризисине саясий чечүүчү жолдун табылуусу үчүн абдан тыгыз дипломатиялык кыймыл жүргүзгөн Германия өкмөтү акыркы мезгилде Орусияга карата сындарын катуулаштырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар