Түштүк Азия саммити
Үч күнгө созула турган саммитте аймактык маселелер менен эбола жана ИШИМ сыяктуу глобалдык күн тартиби да каралат
Кытайдын борбор шаары Пекинде кечээ аяктаган Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун лидерлер саммитинен кийин Азияда да бир саммит өткөрүлүүдө. Мьянманын борбор шаары Непитав Түштүк Азия Өлкөлөрү Биримдиги саммитин өткөрүүдө. Үч күнгө созула турган саммитте аймактык маселелер менен эбола жана ИШИМ сыяктуу глобалдык күн тартиби да каралат. Индия, Кытай, Орусия жана Япониянын премьер – министрлери да катыша турган саммиттин башка коногу болсо АКШнын президенти Барак Обама болот. Саммитте Мьянманын мусулман азчылыгы рохингьияларга жасалган системалуу жикчилдиктин күн тартибине келип же келбей турганы да кызыгууларды тартууда.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.