Обама Си Цзиньпин менен жолукту

Пекинге барган Обама кытайлык кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

187622
Обама Си Цзиньпин менен жолукту


АКШнын президенти Барак Обама Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун лидерлеринин саммити үчүн Пекинге барган Обама, саммиттен кийин кытайлык кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүдөн кийин медиага маалымат берди.
Барак Обама кибердик коопсуздук жана адам укуктары тармактарында эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатканын бирок булардын эки өлкөнүн башка темалардагы макулдашуусуна тоскоол болбогонун айтты.
Эки лидер өзгөчө климаттык өзгөрүү жана соода тармактарындагы көптөгөн темада макулдашышкандарын белгилешти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар