Украинада шайлоо жыйынтыктары белгилүү болду

Жалпы шайлоодо премьер – министр Арсений Яценюктун «Элдик фронт» партиясы жеңип чыкты

185572
Украинада шайлоо жыйынтыктары белгилүү болду

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды саноону аяктап премьер – министр Яценюк жетектеген «Элдик фронт» партиясы добуштардын 22, 14 пайызын алып жеңиш менен чыкты. Перто Парашенконун партиясы болсо добуштардын 21, 81 пайызын алды.
Украина Коммунист партиясы 3, 88 пайыздык добуш алып тарыхында биринчи жолу парламентке кире албады. Азыркы мыйзамдарга караганда саясий партиялар тизмесинде орун алган талапкерлер менен көз карандысыз талапкерлерге ар башка добуш берилген Украинада 225 депутаттык саясий партиялардын тизмесинен 198 депутатат да көз карандысыз талапкер болгон шайлоо аймактарынан шайланды. 27 шайлоо аймагынын Крым менен жикчилдердин көзөмөлүндөгү чыгышта болуусунан улам бул аймактардан көз карандысыз депутаттар шайлана албады. Бир тараптан президент Петро Парашенконун премьер – министр Арсеий Яценюкту жаңы өкмөттү куруу үчүн милдеттендирерин билдирүүсү менен шайлоодо эң көп добуш алган «Элдик фронт», Порошенко блогу жана «Самопомич» партияларынын коалиция түзүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрү улантылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар