Орусия Месжид - и Акса тууралуу билдирүү жасады

"Чыгыш Иерусалимдеги окуялар тынчсыздантуучу"

183573
Орусия Месжид - и Акса тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын тышкы иштер министрлиги сокку окуялары тууралуу билдирүү жасады. Израиль аскерлеринин Месжид - и Акса  баскыны жана андан кийин болгон окуялар тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жарыялаган билдирүүсүндө акыркы күндөрдө  чыккан окуялардан "терең тынчсыздануу" болгону билдирилди. 

Билдирүүдө бир палестиналыктын унаасын израилдик жөө жүргүнчүлөргө карата айдоосу, 14 кишини жаралоосу, андан кийин Израиль полициясы тарабынан өлтүрүлүүсү  эске салынуу менен ушул сыяктуу окуялардын атайын жасылышы мүмкүн экенине көңүл бурулду. Билдирүүдө булар белгиленди : "Чыгыш Иерусалимдеги окуялардан терең тынчсыздануудабыз. Эки тарапты тең  сокку окуяларынын токтотулуусу үчүн кадам таштоого чакырабыз. Үч дин үчүн ыйык шаар болгон Иерусалимде болуп жаткан маселе Палестина - Израиль тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында эл аралык мыйзамдар негиз кылып алынуу менен чечиле алат".


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар