Ашура аземдеринде бомбалуу кол салуу жасалды

Ирактын борбор шаары Багдатта кечээ кечки сааттарда жасалган кол салууларда 9 киши каза болуп, 32 киши жараланды

180246
Ашура аземдеринде бомбалуу кол салуу жасалды

 Аз. Хүсейин жана 72 досунун шейит болушун эскерүү максатында уюштурулган «Ашура аземдери» өткөрүлгөн Казимиййе аймагындагы Адилеттик полиция борборуна атылган пулемет огу менен 1 полиция каза болуп, 7 полиция да жараланды. Казымиййедеги кол салуулар учурунда Багдаттын Ел Гриат, Сулейх полициялык борбору жана Тунус районунда болгон бомбалуу кол салуулардын натыйжасында болсо 8 киши каза болуп, 25 киши жараланган. Кол салуулардын жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болбоду.
Бир канча убакыттан бери кол салуулар жана бийлик боштугу болуп жаткан Иракта ИШИМдин жол башчылыгындагы куралдуу топтор менен армия бөлүктөрүнүн ортосунда кагылышуулар болууда. Борбор шаар Багдат башта болуу менен бир топ шаарда бомбалуу кол салуулар жасалды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар