Германияда чет элдиктер жөнүндө отчет жарыяланды

700 барактык отчет, чет өлкөлүктөрдүн жумушсуздук маселеси, шайкештик сыяктуу негизги темаларды камтыйт.

175267
Германияда чет элдиктер жөнүндө отчет жарыяланды

Германияда «10-чет өлкөлүктөр» отчету жарыяланды.
2008-2012-жылдар аралыгындагы мезгилди камтыган 700 барактык отчет, чет өлкөлүктөрдүн жумушсуздук маселеси, шайкештик сыяктуу негизги темаларды камтыйт.
Немис өкмөтү даярдаган Германияда чет элдиктердин абалы тууралуу отчет федералдык көч жана шайкештиктен жооптуу министр Айдан Өзогуз тарабынан жарыяланды.
Айдан Өзогуз Германиянын көч принциби болгонун абдан кеч кабыл алганын жана ушул себептен дагы эле билим алуу системасында маселелер болуп жатканын айтты. Өзогуз: «Учурда балдарынын билим алуу маселесинин чечилиши темасында менден ыйлап жатып жардам сураган түрк энелер менен кездешүүдөмүн»,-деп айтты.
Шайкештик темасында болуп жаткан маселелердин артынан 2005-жылы «Көч» мыйзамынын чыгарылганын эске салган Өзогуз, ушул алкакта ачылган шайкештик курстарына 1 миллион 400 миң чет элдиктин катышканын, бул да маселенин чечлишине салым кошконун билдирди.
Айдан Өзогуз жумуш табуу темасында бирдей эле өзгөчөлүктөргө ээ болгон бири немис экинчиси чет элдик болгон эки кишиден немис улутундагысы дагы оңой жумуш таба алганын белгилеп, өкмөттүн бөлүүчүлүк, жикчилдик жана чет элдик душмандыгына бөгөт коюлушу темасында иш-чара жүргүзгөнүн баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар