Путинден АКШ жана Европа Биримдигине сын

Украиналыктар болгон кагылышуудан кийин начарлаган экономиканын түзөлүүсүн жана турмуш стандарттарынын жогорулоосун каалап жатат

170683
Путинден АКШ жана Европа Биримдигине сын

Орусиянын президенти В. Путин АКШ жана Европаны катуу сөздөр менен сынга алды. Путин глобалдык жана аймактык базада коопсуздук системасынын күчсүздөнгөнүн белгилеп Вашингтон башкаруусун дүйнөнү коркунучтуу абалга алып келүү менен күнөөлөдү. Путин АКШнын пайдаларынын негизинде жаңы бир дүйнө курууга аракет кылганын айтты. В. Путин Украинада болгон хаоско да Вашингтон башкаруусу жана Европа Биримдигинин себеп болгонун белгиледи. НАТОдон болсо Орусияга Украинанын чыгышындагы бөлүктөрүн чыгаруу чакыруусу келди. Аймакта азыр да орус аскерлеринин бар экенин белгилеген НАТО Орусиянын жикчилдерге колдоо берүү менен эл аралык укукту, Украинанын эгемендигин жана жеринин бүтүндүгүн бузганын билдирди. Ошол эле учурда Украинада эртең жалпы шайлоо өткөрүлөт. 29 партия катышкан, 35 миллионго жакын шайлоочу добуш бере турган шайлоого өлкөнүн чыгышынын катышпай турганын билдирди.
Украиналыктар болгон кагылышуудан кийин начарлаган экономиканын түзөлүүсүн жана турмуш стандарттарынын жогорулоосун каалап жатат. Бир тараптан БУУнун Качкындар Жогорку Комиссарлыгынан жасалган билдирүүдө Украинада кагылышуулардан улам үйлөрүнөн кеткенге мажбур болгон кишилердин санынын 824 миңге жеткенин билдирди. Өлкө ичинде орун которгондордун саны болсо 430 миң деп билдирилди. Маалыматта кагылышуулардан кийин биринчи кыштын болору белгиленип, гуманитардык жардам муктаждыгынын өскөнүнө көңүл бурулду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар