Лондонду басып ал!

Англиянын парламентинин алдында «Лондонду басып ал!» митинги уюштурулду.

167183
Лондонду басып ал!

Англиянын парламентинин алдында «Лондонду басып ал!» митинги өттү.
Лондон полициясы Англиянын парламентинин алдындагы аянтка чатыр кура албай тургандары темасында эскерткенин белгилеп, «Бул алкакта митингчилерден аянтты бошотууларын бир канча жолу талап кылдык. Аянтты таштап кетишпесе күч менен чыгара турганыбызды айттык»-деген маалыматты берди.
Түндү өздөрү курган чатырдын астында уктап өткөргөн топко мыйзамды бузгандыгы үчүн кийлигишкен полиция, бул кишилерди эртең менен камакка алды. Полиция камакка алынгандардын Лондондун борборундагы бир полициялык жайга алынып барылганын билдирди.
Мындан 3 жылча мурда Лондондогу Азиз Паулус катедралынын алдына курган чатырлары менен жумалап ал аянтты басып алган «Occupy London» аттуу топ, парламенттин алдында баштатышкан кыймылдары менен өкмөттүн экономика, саламатык сактоо жана билим берүү сыяктуу тармактардагы саясатын сындап жатышты.
Лондондо парламенттин алдындагы жашыл аянтта чатыр куруу жана бул аянтты көпкө дейре басып алуу, 2011-жылдагы «Полициялык реформа жана социалдык жоопкерчилик» аттуу мыйзамга ылайык мыйзамсыз деп табылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар