АКШ орчундуу Кобани жарыясын кылды

Эркин Сирия армиясы өздөрүнө жардам бербеген АКШнын күрт топторго курал беришине каршылык көрсөттү.

167172
АКШ орчундуу Кобани жарыясын кылды

АКШнын коргоо министрлигинин катчысы Жон Кирби: «Кобаниде дагы эле абал белгисиз жана өзгөрүүдө. Шаардын дагы деле кулай турганына ишенүүдөбүз»-деди.
Террор уюму ИШИМдин шаарды дагы эле коркунучка салганын белгилеген Кирби, уюмдун Кобаниге жакын жердеги буталарга абадан бомбалоо уланып жатканын эске салды.
Кирби АКШ армиясынын ИШИМдин буталарын атуусун улантып ИШИМ менен күрөшүүлөрүн уланткан күрт күчтөрүнө жардам бергендерин белгилеп, шаарда баш аламандуу жана талаштуу атмосфера бар экендигин белгиледи.
Кирби: «Шаардын чоң бөлүгү күрт күчтөрүнүн көзөмөлүндө турат»,-деди.
АКШнын жекшемби түнү абадан таштаган жардамдарынын ИШИМдин колуна өткөнү боюнча айтымдардын иликтенип жатканын билдирди Кирби.
Бир тараптан Эркин Сирия армиясы өздөрүнө жардам бербеген АКШнын күрт топторго курал беришине каршылык көрсөттү.
Сириянын калган аймактарынын бардыгында ар түрдүү кылмыштарды кылган Асад режимине каршы 3,5 жылдан дагы көп убакыт күрөшкөндөргө бирдей мамилени жасабаганы Эркин Сирия армиясы тарабынан катуу сынга алынды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар