Батыш Африкага жардам көрсөтүлүүдө

Батыш Африкада эболадан болжол менен 5 миң киши каза болду.

164128
Батыш Африкага жардам көрсөтүлүүдө


Эбола оорусунун себебинен 5 миң киши каза болгон Батыш Африка өлкөлөрүнө жардамдар жөнөтүлүүдө.
Англия аймакка 900 миң фунттук жардам жөнөттү.
Кытай да Дүйнөлүк азык түлүк программасына 6 миллион доллардык жардам берүүгө чечим чыгарды.
Бул жардам 300 миң кишинин бир айлык муктаждыгын камсыздайт.
Бул учурда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунан кубандыруучу кабар келди.
Уюм Сенегалдан кийин Нигериянын да эболадан таасир алган өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарыла турганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар