Кабулда Америка аскерлерине каршы нааразылык акция өттү
Афгандар америкалыктардын калышын каалабайт.
155077
Афганстандын борбор шаары Кабулда жүздөгөн киши өлкөдөгү Америка аскерлерине каршылык көрсөтүштү.
НАТО күчтөрүнүн жылдын аягында чыга турганына карабастан 10 миң Америка аскеринин «Эки тараптуу коопсуздук келишиминин» алкагында 2014-жылдан кийин да кала турган болушу өлкөдө тынчсыздануу жаратты.
Афганстанда учурда 41 миң НАТО аскери бар. Алардын орто эсеп менен 30 миңи жылдын аягында өлкөлөрүнө кайтат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.