Дүйнөлүк банктын эбола боюнча эскертүүсү

Эбола оорусу дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизүүдө.

151834
Дүйнөлүк банктын эбола боюнча эскертүүсү


Дүйнөлүк банк Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гвинея, Либерия жана Сьерра-Леонеде миңдеген кишинин каза болушуна себепчи болгон эбола илдетинин экономикалык чыгымы жылдын аягына чейин 32,6 миллиард долларга жетиши мүмкүн деп эскертти.
Дүйнөлүк банктын билдирүүсүндө бул ооруга каршы ылдам чара көрүлүп жана үч өлкө менен чектелүү калган учурунда эң аз 9 миллиард доллар, ал эми кыска мөөнөттө көзөмөлгө алынбай коңшу өлкөлөргө жайылган учурунда да 32, 6 миллиард доллардык чыгымга учурата турганы белгиленди.
Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Ен Ким: «Эл аралык коомчулук, эболанын жайылышын алдын алуу үчүн илдеттен таасир алган аймактарга дагы көп доктур, тажрыйбалуу саламаттык сактоо кызматкерлерин, медициналык аппараттарды жөнөтүүнүн жолдорун табышы керек»,- деди.
Ен Ким эбола себепчи болгон экономикалык зыянды азайтуу үчүн Батыш жана Борбордук Африка өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системаларына инвестиция жасалышы керектигин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар